«Заманбап жаштар жана ВИЧ инфекциясы»
Университеттин жашоосу 0 5 Декабрь 2022

И.К.Ахунбаев атындагы КММАда 2022-жылдын 1-декабрында Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган ай сайын чыгуучу журналдын алкагында «Теңдик үчүн убакыт!» деген ураан астында “Заманбап жаштар жана ВИЧ инфекциясы” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада ЮНЭЙДСтин өлкө боюнча директору Сарыбаева Мээрим, Республикалык СПИД борборунун директору У.Чокморова жана ВИЧ-инфекциясынын өнөктөш тармагы Б.Исраилова куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө эң мыкты сынактык видеороликтер “Иммундук система кандай иштейт?”, жаштар арасында “ВИЧ жөнүндө кандай ойлойсуз?” деген социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөтүлүп, викториналар - Кахоот өткөрүлдү.

Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.