СПИД боюнча уникалдуу презентация
Университеттин жашоосу 0 20 Декабрь 2023

2023-жылдын 15-декабрь күнү И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын "Педиатрия" факультетинин 1-курстун 15-тайпанын куратору, б.и.к., доценттин м.а. Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич студенттери менен биргеликте СПИД боюнча уникалдуу презентация жасашты. Долбоорду даярдоо студенттердин адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу (ВИЧ) жана инфекцияны алдын алуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Студенттер вирустун ар кандай аспектилерин, анын таралышын, белгилерин, алдын алуу жолдорун жана дарылоонун негизги маселелерин талкуулашты. ВИЧтин жайылышын токтотуу бул анын алдын алуусунда экенине көп көңүл бурулду жана анын маанилүүлүгү дагы каралды.