КММАнын кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу жана бүтүрүүчүсү “Эл ырчысы Эстебес” аттуу китеп чыгарышты
Университеттин жашоосу 2 9 Декабрь 2021

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Касымбекова Нурида Жумагуловна жана КММАнын бүтүрүүчүсү Ибраимов Алихан Жеңишович залкар төкмө акын, СССРдин Эл артисти, Кыргыз жана Казак Республикасынын эл артисти, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, I даражадагы “Манас” орденинин ээси Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдык мааракесине карата анын эмгектерин топтоштуруп, 900 беттен турган көлөмдүү китеп басып чыгарышты.

Бир институттун деңгээлиндеги бул эмгек акындар поэзиясында, анын ичинде айтыш өнөрүндө өзгөчө орду бар инсандын чыгармачылыгына комплекстүү баа берүү иштерин текстологиялык өңүттө жеңилдетүү жана ырлары аркылуу экинчи өмүрүн узартуу, дегеле кызыккан окурмандарга кайталап окуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатын көздөйт.  

Эмгектин табылгасы, буга чейинки эмгектерден жаңычылдыгы  3 басма табак өлчөмүндөгү жарыяланбаган ырларды камтыйт.  

 Жыйнак КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун окумуштуулар кеңешинде талкууланып басмага сунушталды.

Айта кетсек, кечээ 2021 жылдын 8-декабрында китептин авторлору алгачкы китепти КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергеновага белек кылышты.