КММАнын студенти дзюдо боюнча өлкө чемпионатында 1-орунду ээледи
Университеттин жашоосу 0 17 Апрель 2023

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын стоматология факультетинин 3-курсунун студенти Рашид Хияров дзюдо боюнча эркектер жана аялдар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионатында 1-орунду ээледи. Ошондой эле, ал дзюдо боюнча спорт чеберине кандидат.

Белгилей кетсек, иш-чара КР Дзюдо боюнча улуттук федерациясы тарабынан КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлдү.