КММАнын стоматология факультетинин студенти кыргыз бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынада 3-орунга ээ болду
Университеттин жашоосу 0 17 Апрель 2023

Жакында кыргыз бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү. Турнир республикалык универсиаданын алкагында болду. Бул жылы мелдешке жети салмак категориясы боюнча жүздөн ашык спортчу катышты. Жалпысынан мелдешке өлкөнүн ар кайсы жогорку окуу жайларынан 18 команда катышууда.

Эрежеге ылайык, беттеш төрт мүнөткө созулат. Ким көбүрөөк упай топтосо, ошол жеңүүчү болот.

Кыргыз күрөшүнүн узак тарыхы бар. Байыркы заманда эң күчтүү атчандар согуш жортуулдарында ушул күрөштүн жардамы менен өз элинин намысын коргоп келишкен.

Сынактын жыйынтыгында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын стоматология факультетинин студенти Бекжан Токтобеков 3-орунга ээ болду. Машыктыруучу – университеттин дене тарбия мугалими Куаныш Мукашев.