Медакадемиянын студент кыздары Аскер институтунун бүтүрүүчүлөрү менен бийлешти
Университеттин жашоосу 3 28 Июнь 2019

Бүгүн, 28.06.2019 жылы И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студент кыздары  Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Советтер Союзунун Баатыры генерал–лейтенант К.Усөнбеков атындагы Аскер институтунун бүтүрүүчүлөрү менен Жениш Аянтындагы жаш лейтенанттарды бүтүрүү аземине арналган салтанатта бийлешти.

Вальс бийин көрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.

Белгилей кетсек, кийинки 2-3 жыл ичинде Медакадемия жана Аскер институтунун ректораты жана студенттери ортосундагы тыгыз кызматташтыгынын негизинде эки жогорку окуу жайы курсанттык бал жана башка маданий иш-чараларды чогуу өткөрүп келишет.