КММАнын студенттери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып келишти
Университеттин жашоосу 0 10 Октябрь 2023

2023-жылдын 6-октябрында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын дарылоо факультетинин 18-тайпасынын студенттери куратору, б.и.к., доценттин м.а. медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын окутуучусу Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич менен бирдикте “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине экспедицияга барып келишти.

Ата бабабыздын тарыхын биле жүрөлү!

АТА-БЕЙИТ ЖӨНҮНДӨ.

«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси – бул 1938-жылдагы (мындан 84 жыл мурдагы) саясий репрессиянын курмандыгы болгон адамдардын сөөгү коюлган жер. Бишкек шаарынан 30 км түштүк тарапта, тоо тараптагы Чоң-Таш айылынын жанында жайгашкан.

Репрессияга кабылган ошол адамдардын өмүр баяндары азыркы кыргыз мамлекетинин түптөлүшү менен тыгыз байланыштуу. Орусия империясынын курамында болгон кезде (1876-1917) Түркстан генерал-губернаторлугунун ичинде кыргыздардын жери ар кайсы облуска бөлүнүп калган. 1918-1924-жылдары, совет доорунун башында ушул эле аймак Түркстан АССРи болуп турган. Ж. Абрахманов, Э.Арабаев, А.Сыдыков ж.б. интеллигенттер 1922-жылы (мындан 100 жыл мурда) Тоолуу кыргыз облусун түзүүгө аракет кылышып, ишке ашпай калган. 1924-жылы азыркы карта чийилип, Кара-кыргыз автоном облусу түзүлгөн, төрагасы Иманалы Айдарбеков болгон. 1925-жылы ал Кыргыз автоном облусу болуп өзгөргөн, төрагасы Абдыкадыр Орозбеков болгон. 1926-жылы Кыргыз АССРи болуп өзгөргөн. 1936-жылы Кыргыз ССРи түзүлгөн.

1937-38-жылдыры СССРде массалык түрдө саясий (сталиндик) репрессиялар болуп өткөн. Муну «Чоң террор» же «Ежовщина» деп коюшат. Анда жалпы 681692 адам атууга кеткен. 1938-жылы 5-8-ноябрда Кыргыз ССРинде 138 киши атылып, тоо жактагы кыш бышыруучу чакан заводдун эски мешине көмүлгөн. Алардын катарында кыргыздын көрүнүктүү саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери - Ж.Абдрахманов, Б.Исакеев, Т.Айтматов, Х.Жээнбаев, Э.Эсенаманов, М.Салихов, С.Шамурзин, И.Айдарбеков, К.Тыныстанов ж. б. болгон. Арасында башка улуттардын өкүлдөрү да болушкан.

138 киши көмүлгөн жер жашыруун болгондуктан, ал жөнүндө 53 жыл бою айтылган эмес. Бул жерге жакын жашаган бир жумушчу гана (Абыкан Кыдыралиев) мында кишилер көмүлгөнүн туюп, бирок бийликтен коркуп, эч кимге айта алган эмес. Ал 1973-жылы өлөрүндө гана бул сырды кызына – Бүбүйра Кыдыралиевага керээз кылып кеткен. 1991-жылы элибиз эгемендикке ээ болгондо Бүбүйра апа бул жер жөнүндө КГБда иштеген капитан Болот Абдрахмановго айтып берген. Ошондон кийин, 1991-жылы июнь-июль айларында сөөктөрдү казуу иши башталган.

Бүбүйра эне 1926-жылы төрөлгөн. 4 бир туугандын улуусу болгон. Ата-энеси НКВДнын дачасында иштеп, ошол жерде жашашкан. Репрессия болгон учурда ал 12 жашта болгон. 1941-жылы атасы согушка кетип, аман-эсен кайтып келген. 17 жашында ала качып кетип, турмушка чыккан. Биринчи перзенти боюнан түшүп, көп өтпөй, күйөөсү оорудан улам көз жумган. Ошондон кийин карачай, орус, чуваш улутунан жетим балдарды багып алган. Бүбүйра эне жаш кезинде активист болуп, айылында депутат болгон.

24 жашында иш менен чогуу окуусун да улантып, 34 жашында Ленинграддагы жогорку окуу жайга тапшырган. Окууну бүткөндөн кийин келип, Бишкекти кыдырып көрсөтө турган «Балапан» деген мобилдик кинотеатрды уюштурган. 37 жашында экинчи жолу 4 балалуу кишиге турмушка чыккан. 10 жыл бирге жашагандан кийин күйөөсү бул дүйнө менен кош айтышкан. Ошондо (1973-жылы) Бүбүйра эненин атасы да өлүмгө жакындап, кызына керээз кылып, кыргыздын каймактары көмүлгөн жердин сырын ачып, жакшы заман келгенде элге айтууну тапшырып кеткен. Бүбүйра эне 1989-жылы ооруга чалдыгып, атасынын керээзин элге жеткирүүгө аракет кыла баштаган. Ал 1991-жылы капитан Болот Абрахманов менен жолуккандан кийин казуу иштери башталып, айткандары далилденген.

1991-ж. 12-июнда археолог М.И. Москалевдун жетекчилигинде сөөктөрдү казуу иши башталып, июль айында аяктаган. Сөөктөрдүн айрымдарынын чөнтөктөрүндө сакталып калган айыптоо бүтүмү чыккан. Текшерүү көрсөткөндөй, коюлган күнөөлөр негизсиз болгон, «мойнуна алган билдирүүлөрү» адам чыдагыс кыйноо жолу менен алынган. Аларды кайра көмүүнү уюштуруу жана элесин түбөлүккө калтыруу максатында өкмөттүк комиссия түзүлгөн. 1991-ж. 30-августта Бишкекте аза күтүү митингиси болуп, андан соң репрессиянын курмандыктары алгач көмүлгөн жайга жакын жерге ариет-аза күтүү аземи менен коюлган. Алар коюлган жер Ч. Айтматовдун сунушу менен «Ата-Бейит» деп аталган.

2000-ж. 14-июлда бул тарыхый жайга «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси курулган жана музей ачылган. 2000-жылы Бүбүйра Кыдыралиевага Эрдик медалы берилген. 2008-жылы 14-июнда бул жерге атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов да коюлган. 2010-жылы болсо, 7-апрелдеги ыңкылапта курман болгондор көмүлгөн. 2016-жылы «Ата-Бейитте» 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө арналган эстелик орнотулган.

Сапар абдан жакшы жана жемиштүү болду. Студенттер музейдеги гидди кызыгуу менен угуп, ошол кездеги окуялар тууралуу кеңири маалымат алышты. Музейди кыдырып, чуңкурга чыгышты.

Бул аймактын бардык жаратылыш кооздугуна баары суктанышып, көпкө чейин эстеринде сакталгандай күн болду. Студенттердин жүздөрүндө жылуу сезимдер пайда болуп мындан ары дагы ушундай экспедицияларга чыгабыз деген үмүттө болушту.

Студенттер ушундай мазмундуу, кызыктуу күн үчүн куратору Раимкулов Курсанбек Мамасалиевичке терең ыраазычылык билдиришти.