КММАнын студенттери тарых музейинде
Университеттин жашоосу 29 Апрель 2024

20.04.2024 Госпиталдык терапия кафедрасынын жана гематология курсунун окутуучулары Мусакеев А.О., Тагаева Б.Т., Атабаева Д.Н. англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультетинин 4-курсун жетектеген топтору менен Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейине барышты. Музейде студенттер Кыргызстандын тарыхы менен кеңири таанышты. Музейдин көптөгөн коллекциялары дүйнөлүк маданий мурастарга киргизилген. Ар бир адам өз элинин тарыхын, каада-салттарын билүү жана сактоо, ар бир элдин тарыхына урмат-сый менен мамиле кылуу, тынчтыкта жана ынтымакта жашоо маанилүүлүгү баса белгиленди.