КММАнын педиатрия факультетинин студенттери Балдар Үйүндө болушту
Университеттин жашоосу 1 3 Июнь 2022

Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда И.К.Ахунбаева атындагы КММАнын  педиатрия факультетинин 6-курсунун студенттери Балдар инфекциялык оорулар кафедрасынын жетекчилиги астында куратор Асель Ахматбековна менен Бишкек шаарынын Белорууская көчөсүндө жайгашкан Балдар Үйүнө барышты.

Бул жердеги ар бир бала көңүл бурууга муктаж жана студенттерибиз ал муктаждыкты толтурууга аракет кылышып, балдар менен кубанычтуу баарлашып, аларга белектерди берүү менен бирге кызыктуу оюндарды ойношту. Бул жолугушууга кубанган шайыр балдарды көрүү абдан жагымдуу болду.