КММАнын студенттери жана ординаторлору «Пластиксиз 5км» акциясын өткөрүштү
Университеттин жашоосу 3 31 Май 2023

2023-жылдын 27-майында И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жалпы жана клиникалык эпидемиология кафедрасы тарбия иштери бөлүмү менен биргеликте Ала-Арча улуттук паркында «ПЛАСТИКсиз 5 км» урааны астында акция өткөрүштү.

Бул акцияга педиатрия, жалпы медицина, стоматология, фармация жана медициналык алдын алуу иштери факультеттеринин студенттери, ошондой эле «эпидемиология» жана «педиатрия» адистиктери боюнча ординаторлор катышып, парктын айлаасындагы пластик идиштеридн баарын жыйнашты.