КММАнын жана КРСУнун студенттери балдар үйүнө кайрымдуулук жардам көрсөтүштү
Университеттин жашоосу 0 22 Декабрь 2022

2022-жылдын 18-январында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын базасында кафедра башчысы, профессор О.Куттубаев, тайпалардын кураторлору доц. К. Кулжабаева, доц. Ж.Солтобаеванын жетекчилиги астында Кара-Жыгач айылында жайгашкан балдар үйүнө кайрымдуулук жардамы уюштурулду.

Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун студенттери КММАнын Дарылоо иши 2 факультетинин 1-курсунун студенттери балдардын психологиялык травмасы, балдар үйлөрүндөгү балдардын оорулары боюнча биргелешкен көчмө илимий-практикалык конференция өткөрүштү.

Ошондой эле, балдар үйүнө материалдык жардам көрсөтүшүп, балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырып, оюндар, кызыктуу сынактар жана майрамдык концерт тартуулашты.

Белгилей кетсек, биргелешкен акцияга КРСУнун медицина факультетинин физика, медициналык информатика жана биология кафедрасы улук окутуучу Н.Калимованын жетекчилиги астында катышышты.