КММАнын студенттери "Эл аралык Эне тил" күнүн белгилешти
Университеттин жашоосу 0 26 Февраль 2024

2024-жылдын 21-февралында И.К. Ахунбаев атындагы  КММАнын Фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясынын кафедрасында  “Фармация” факультетинин 2-курсунун студенттери “Эл аралык Эне тил” күнүнѳ арналган майрамдык салтанаттуу кече ѳткѳрүштү.

 Майрамдык иш чараны кафедранын окуу бѳлүмүнүн башчысы Наматпаева Айгуль Рыспековна салтанаттуу түрдѳ ачып берди. Ошондой эле кафедранын окутуучулары : Мураталиева Ай.Д., Капаров Б.М.,  Мукашова А.С., Жалалова Н.К., Муратбекова З.М. катышышты. Майрамдык кечени уюштуруу иштерин кафедранын кыргыз тилин ѳнүтүрүү боюнча жооптуулар Абдырасулова Ф.Б., Арапбаева Г М., Токторбек кызы Д. даярдашты.

Иш чаранын негизги максаты – бул жаштарды ѳз элине, тилине болгон сүйүүсүн арттыруу жана ар улуттуу элдердин салттарын таанытуу, кѳрсѳтүү. Фармация факультетинин 2-курсунун студенттери кыргыз, орус, ѳзбек, түрк элдеринин каада салттарын, маданиятын, улуттук тамак аштарын жана башка ѳзгѳчѳлүктѳрүн  кѳрсѳтѳ алышты.

“Ар бир улут -  тили менен улук”  дегендей, катышуучулар кѳп улуттуу элдин эне тилин даңазалоо менен аларга болгон сый урматын билдирип жатышты.