КММАнын студенттери Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык концерт даярдашты
Университеттин жашоосу 0 26 Февраль 2024

2024-жылдын 22-февралында И.К. Ахунбаев атындагы  КММАнын Фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясынын кафедрасында  “Фармация” факультетинин 4-курсунун 1- тайпасынын студенттери “Ата мекенди коргоо” күнүнѳ арналган майрамдык кызыктуу иш чараларды даярдап кѳрсѳтүштү.

 Майрамдык иш чараны кафедранын окуу бѳлүмүнүн башчысы Наматпаева Айгүл  Рыспековна  салтанаттуу түрдѳ ачып берди. Ѳзүнүн сѳзүндѳ, ата-бабалар ички жана тышкы душмандардан коргоп келген ыйык мекенибизди дайыма сактоого, сүйүүгѳ, коргоого чакырган патриоттук тарбиялык мааниси бар сѳздѳр менен студенттерге  кайрылды.

Ата Мекенди сүйүү, коргоо ар бир Кыргызстандык атуулдун  ыйык милдети. Ата Мекен – бул ата-эне, үй-бүлѳѳ, коом, жаратылышыбыз, ачык асман! Тынчтык күндү, бейкутчулукту сактап, мурастан мураска ѳткѳрүп берип, билим алып, иштеп эмгектенип, бүткүл күчүбүздү, кубат демибизди Мекенибизди коргоого  багыттоо – иш чаранын негизги максаты болду.Студенттер, Алыкул Осмоновдун “Ата Журт”, Сүйүнбай Эралиевдин “Туулган жер” ,Жоомарт Бѳкѳнбаевдин “Ата журт үчүн майданга” ырлары кѳркѳм окулду. Ата Мекеним, ардактуу жерим” аттуу ыр менен аудиториядагы олтурган жалпы студенттердин коштоп ырдоосу менен майрамдык кече соңуна жетти.

Ошондой эле аталган иш чарага кафедранын окутуучулары : Мураталиева Ай.Д.,Капаров Б.М.,  Мукашова А.С., Жалалова Н.К., Муратбекова З.М. катышышты. Майрамдык кечени уюштуруу иштерин кафедранын кыргыз тилин ѳнүтүрүү боюнча жооптуулар Абдырасулова Ф.Б., Арапбаева Г М., Токторбек кызы Д. даярдашты.