КММАнын студенттери карылар үйүнө барышты
Университеттин жашоосу 0 5 Декабрь 2022

Кечээ, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Дарылоо иши, Стоматология факультеттеринин студенттери нур менен дарт аныктоо жана нур менен дарылоо кафедрасынын ассистенти Назира Кадыркулова жана 3чу жылдын клиникалык ординатору Жаныбек Кыдыковдун жетектөөсүндө тарбиялык иштер боюнча Октябрь районунун карылар уйуно барып, жашоочулары менен баарлашып, аз да болсо алардын көнүлүн көтөргөнгө аракет кылып, майыптар күнүнө болгон даярдыктарынын үстүнөн чыгып, кол кабыш кылып кайттышты.