КММАнын студенттери " MedExpo Kyrgyzstan 2023" көргөзмөсүнө барышты
Университеттин жашоосу 1 10 Апрель 2023

2023-жылдын 5-апрелинде С.Б. Даниярова атындагы фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасынын кураторлору, кафедра башчысы, профессор Ирина Евгеньевна Кононецтин демилгеси менен студенттерди "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо жумалыгы" форумуна алып барышты.

Конгресс-көргөзмө иш-чарасы КМДТжСА манежинин аянтчасында уюштурулду. Студенттер саламаттык сактоо системасындагы алдыңкы технологиялар жана акыркы жетишкендиктер менен таанышышты. Медицинанын ар кандай тармактарындагы тажрыйбалуу адистер жаңы билимдери менен бөлүшкөн мастер-класс семинарлар, презентациялар болуп жаткандыгына күбө болушту.