КММАнын студенттери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде болушту
Университеттин жашоосу 2 17 Май 2022

11-май күнү И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жалпы медицина факультетинин студенттери куратор, медициналык биология жана паразитология кафедрасынын окутуучусу, м.и.к., доцент Курсанбек Райымкуловдун жетекчилиги астында Ата-Бийит мемориалдык комплексине экспедицияга чыгышты.

Студенттер музейдеги гидди кызыгуу менен угушту, ошол кездеги окуялардын чоо-жайын билишти. Эки музейди кыдырып, чуңкурга чыктык. Бул аймактын жаратылышы жана кооздугу айтып түгөнгүс жана эсетн чыккыс болуп кала бермекчи.

Белгилей кетсек, «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси Бишкек шаарынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Сүймөнкул Чокморов атындагы айылда жайгашкан. «Ата-Бейит» жаңы көрүстөн-комплекси 1991-жылдын 30-августунда Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитеттин соккусунан бир нече күндөн кийин расмий түрдө ачылган. Бул жерге сталиндик режим тарабынан атылган жана тымызын көмүлгөн Кыргызстандын ар кайсы улуттагы 137 инсанынын сөөгү 1938-жылдын ноябрь айынын башында кайра көмүлгөн.

Студенттердин атынан Курсанбек Мамасалиевичке рахмат айтабыз жана ага чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайбыз.