КММАнын студенттери Түрк университетинин эл аралык студенттик конгрессине катышты
Университеттин жашоосу 0 18 Май 2022

2022-жылдын 12-13-майында Түркиянын Малтепе университетинде “Адам жана ден-соолук эволюциялык дүйнөдө” аттуу 9-Эл аралык студенттик конгресс болуп өттү. Конгресске Түндүк Македония, Греция, Кыргызстан, Түркия, Украина сыяктуу өлкөлөрдөн келген студенттер катышты.

Дарылоо иши 2 жана Англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультеттеринин 4-курсунун студенттери No2 акушердик жана гинекология кафедрасынын кызматкерлеринин жетекчилиги менен бул конгрессте заманбап акушердик жана гинекологиянын актуалдуу маселелери боюнча англис тилинде 8 докладды ийгиликтүү окушту.