КММАнын студенттери кайрымдуулук жарышына катышты 2022-жылдын 12-июнунда "Адинай" паркында достук жарыш болуп өттү
Университеттин жашоосу 0 13 Июнь 2022

2022-жылдын 12-июнунда "Адинай" паркында достук жарыш болуп өттү

Бул иш-чараны«Интеракт клубу Бишкек» эл аралык кайрымдуулук уюму өткөрдү.

Жарыш эки бөлүктөн турду: чоңдор жана балдар үчүн аралыкта чуркоо. Чоңдор үчүн үч дистанция каралган: 3 км, 5 км жана 8 км, балдар үчүн 500 м аралык болгон.

Спорттук иш-чаранын максаты кайрымдуулук мүнөздө өткөрүлдү, анын аркасында жарыштан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы карылар үйлөрүн колдоого жумшалат.

Жарышка 200дөн ашык ыктыярчылар катышып, алардын арасында медициналык академиянын биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү билими бар студенттери да болду.

Марафондо концерт коюлуп, балдар жана чоңдор үчүн түрдүү оюн-зооктор уюштурулду.

Марафондун аягында КММАнын студенттери уюштуруучулар тарабынан кызматташуу жана жарышка катышкандыгы үчүн ыраазычылык каттары сыйланышты.