КММАнын студенттери «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форумунда
Университеттин жашоосу 0 29 Ноябрь 2023

“Билимкана Арена” спорт комплексинде президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форуму өттү.

Иш-чарага мамлекет башчыдан тышкары министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана маданият министри Алтынбек Максүтов катышты. Жаштардын өкүлдөрү: D Billions долбоорунун катышуучусу, спортчу Акжол Махмудов, ырчы Айым Айылчиева жана башкалар сөз сүйлөштү.

Ахунбаев атындагы КММАнын 100гө жакын студенттери окуу жайдын тарбия жана уюштуруу-массалык иштер бөлүмүнун жетекчилиги менен жаштар форумуна катышты.