Университеттин жашоосу
11 Ноябрь 2025
Президенттин катышуусунда өткөн ири жаштар форумуна И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 150 студенти катышты.

Форумда академиянын атынан стоматология факультетинин 5-курсунун студенти Абдыкалыкова Бегимай сөз сүйлөп, КММА жаштарынын демилгелери жана көз караштарын билдирди.

Медициналык академиянын студенттеринин бул ири иш-чарага катышуусу жаш адистердин саламаттыкты сактоо тармагынын жана коомдун өнүгүүсүндөгү ролун күчөтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
