КММАнын студенттери тез жардамдын мобилдик ыктыярдуу командасына кошулду
Университеттин жашоосу 0 14 Ноябрь 2022

2022-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому менен биргеликте Үйдө комплекстүү кам көрүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын калкын тейлөө үчүн мобилдүү ыктыярдуу тез жардам топтору иштей баштады. Аталга топторго Дарылоо иши жана педиатрия факультеттеринин 2-6-курстарына чейинки алгачкы 33 студент волонтер катары кабыл алынган.

Ар бир жума сайын күндүзү эки саат окуудан үзгүлтүксүз иштөө, студенттерге баа жеткис тажрыйба болуп, тез жардам врачынын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө, курстардын жана факультеттердин студенттеринин ортосундагы байланышты чыңоого, Кызыл Жарым Ай жана эл аралык гуманитардык уюмдардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу жардам берет. 2-курстун студенти Айкыз өз ою менен бөлүштү: «Тез жардамда иштүү мага абдан жакты, бул абдан жакшы тажрыйба болду, тажрыйбалуу өнөктөштөрүм, жардам берип, колдоо көрсөтүштү».