КММАда СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган куратордук саатты өткөрүлдү
Университеттин жашоосу 0 6 Декабрь 2023

2023-жылдын 2-декабрында "Дарылоо иши" факультеттин II курсунун студенттери фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасынын окуу бѳлүмүнүн башчысы жана кураторлор Ч.К. Уралиева, А.М. Адаева жана М.А. Кыдырова менен биргеликте бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү Күнүнө арналган куратордук саатты өткөрүштү.

Бүгүнкү күнгө чейин ВИЧ коомдук саламаттыкты сактоо тармагында олуттуу глобалдык көйгөй бойдон калууда.

Бул күн ВИЧ / СПИД эпидемиясынын жайылышын токтотуу керектигин эскертет. Студенттер өз сөздөрүндө ВИЧ-инфекциясын жуктуруунун алдын алуу ыкмалары жана жолдору тууралуу калкка кеңири маалымат берүү маселесин актуалдаштыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.