КММАнын студенттери 69 УВК гимназиясында мектеп окуучуларынын арасында санитардык-агартуу иштерин жүргүзүштү
Университеттин жашоосу 2 1 Март 2023

2023-жылдын 25-февралында Дарылоо иши факультетинин 3-курсунун 24-группасынын студенттери жалпы гигиена кафедрасынын куратору Байбосова Чынара менен биргеликте 69-УВК гимназиясынын окуучуларынын арасында «Тамекисиз мектеп» деген темада санитардык агартуу иштерин жүргүзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө никотиндин организмге тийгизген зыяны тууралуу лекциялар окулду.

Сабактын экинчи жарымында окуучулар мектеп окуучулары менен интерактивдүү оюн ойной алышты.