КММАнын студенттери жа ан окутуучулары №61 мектеп-лицейине «Заманбап жаштар жана ВИЧ инфекциясы» деген семинар өткөрүштү
Университеттин жашоосу 1 2 Декабрь 2022

“Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү” жыл сайын өтүүчү акциянын алкагында Медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын доценти Жаңыл Солтобаева жана нормалдуу жана топографиялык анатомия кафедрасынын окутуучусу Чынара Узгенова Дарылоо иши -2 факультетинин 1-курсунун 34-группасынын студенттери менен биргеликте «Заманбап жаштар жана ВИЧ инфекциясы» деген темада Якира.Е.Б атындагы No61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин 10 жана 11-класстарынын окуучуларына семинар өткөрүштү.

 

Бул акция жаш муундун ВИЧ-инфекциясы жөнүндө, калктын СПИД жөнүндө, жугузуу жолдору, жашоо сапаты жана сактык чаралары тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.