КММАнын студенттери окуучуларга тамеки, наркотик жана насвайдын зыяндуулугу тууралуу маалымат беришти
Университеттин жашоосу 0 27 Ноябрь 2023

2023-жылдын 15-ноябрында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Жалпы гигиена кафедрасынын окутуучулары Байбосова Чынара Кубанычбековна жана Турсунбекова Айжанат Самарбековна, Дарылоо иши факультетинин 3-курсунун 32-тайпасынын студенттери менен биргеликте Жайылов Таалайбек Ташиевич атындагы ЖББО мектебине барып, 8-9 класстарга чылымдын, насвайдын жана бангизаттардын организмге тийгизген терс таасирлери жөнүндө толук маалымат беришип, окуучулар менен суроо жооп түрүндө талкуу өткөрүлдү.