КММАнын студенттери, окутуучулар менен биргеликте Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барышты
Университеттин жашоосу 0 9 Декабрь 2022

Жакында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Дарылоо иши, Медициналык алдын алуу факультеттеринин студенттери менен микробиология, вирусология жана иммунология кафедрасынын доценттери жана окутуучуларынын көзөмөлү астында 2-курстун куратордук тайпалары менен тарбиялык иштер боюнча, КР Чүй облосунун эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барышып, жашоочулар менен баарлашып, кыскача оюн-зоок программаларын уюштурушуп, аз да болсо алардын көңүлдөрүн көтөргөнгө аракет кылып, жардам катары чогултулган жуучу-каражаттарын стационарга тапшырып келишти.