КММАнын студенттери «Ак-Булун» окуу комплексинде
Университеттин жашоосу 1 8 Июль 2022

2022 – жылдын 4 июлунда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын «Ак-Булун» окуу комплексинде практика өтөп жаткан студенттери фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясы жана аскердик медициналык даярдык, экстремалдык медицина кафедрасынын окутуучулары менен бигеликте гербарий үчүн дары-дармек өсүмдүктөрүнүн коллекциясы менен таанышуу үчүн Жети-Өгүз районуна барышты.

  

Эртеси күнү гербарий түзүү жана күндөлүктү толтуруу үчүн отчет түзүү менен алектенип, студенттер жана мугалимдер арасында футбол жана волейбол боюнча спартакиада өткөрүштү, ошондой эле маданий программа: концерт, дискотека өткөрүштү. Коноктор үчүн студенттер тарабынан концерттик программа даярдалды.