Медакадемиянын студенттери Орловкадагы балдар үйүнө үч тонна көмүр алып барышты
Университеттин жашоосу 2 17 Декабрь 2019

Жакында Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын 5-курсунун студенттери окуу жайдын онкология бөлүмүнүн мугалимдери менен биргеликте, Чүй облусундагы Орловка айылында жайгашкан балдар үйүнө барышты. Алар балдар үйүнүн тарбиялануучуларына үч тонна көмүр, шириндиктерди жана ар түрдүү жемиштерди алып барышты. Окуу жайдын өкүлдөрү социалдык мекеменин жамааты менен жолугуп, балдардын жашоо шартын, ден соолугун сурашты. Балдар үйүнүн жетекчилиги келечектеги дарыгерлерге терен ыраазычылыгын билдиришти.