КММАнын студенттери кызматкерлери менен биргеликте карылар үйүнө жана балдар үйүнө барышты
Университеттин жашоосу 0 9 Июнь 2022

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттери жалпы гигиена кафедрасынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаардык карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жатак үйүндө жана Военно-Антоновка балдар үйү-интернатында болушту. Окуу жайдын студенттеринин балдар жана карылар үйлөрүнө баруусу буга чейин салтка айланган.

Балдар үйүнүн тарбиялануучуларына көңүл буруу жана камкордук жетишсиз. Бирок дал ушул күнү алар чыныгы майрамга ээ болушту! Студенттердин жардамы менен чогултулган белектердин бардыгын ыраазы болгон балдар кубануу менен кабыл алышты.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында студенттер карылар үйүнүн бөлмөлөүн, ашкананы жана залдарын тазалоого жардам берип, ашканада даярдык иштерине активдүү катышып, ошондой эле айланасын тазалашты. Бирок, негизги милдет карылар үйүнүн тургундарына көңүл буруп, алар менен баарлашуу эле, ал эми келечектеги дарыгерлер бул милдетти ийгиликтуу аткарды десек