Тазалык күнүнө карата багытталган ишембилик
Университеттин жашоосу 20 Сентябрь 2024
КММА кызматкерлери жана сутденттери жалпы ишембиликке чыгышты.
 
 
2024-жылдын 14-сентябрь И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын жугуштуу оорулар кафедрасынын окутуучулары студенттер менен биргеликте муниципалитеттин басма сөз кызматы тарабынан шаардыктарды күзгү жалпы шаардык ишембиликке чыгууга чакыруу менен демилгеленген жалпы шаардык ишембиликке катышты.
 
 
Бул иш-чара салтка айланган 15-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган.
 
 
Жалпы шаардык ишембилик боюнча иш-чара республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагында өткөрүлүп, 50 адамдан турган окутуучулар жана студенттер тобу РЖООнун аймагын тазалашты.