«Окуучулар арасында туура тамактануу» деген темада куратордук сабак
Университеттин жашоосу 0 19 Март 2024

Тамактануу – сергек жашоо образынын эң маанилүү аспектилеринин бири. Адамдын организминде нормалдуу иштеши тамактанууга көз каранды болбогон орган же система дээрлик жок.

Сергек жашоо күнүнө карата. Жугуштуу оорулар кафедрасынын окутуучулары Анарбаева Ж.А., Омонов И.К.  «Окуучулар арасында туура тамактануу» деген темада куратордук сабак педиатрия факультетинин 2тайпа, 5-курс студенттери менен өткөрдү.