Тарых барактарын барактап
Университеттин жашоосу 0 4 Декабрь 2023

Тарых барактарын барактап, улуу муундагы кыргыз интелигенциясынын басып өткөн өмүр жолуна кайрылып, аларга таазим кылабыз.

2-декабрь күнү философия жана коомдук илимдер кафедрасынын окутуучусу Сатыбалдиева Рахат Абдрамановна дарылоо факультетинин 2-курсунун 13-тайпасынын студенттери менен куратордук саатты Ата-Бейит комплексинде өткөрүштү.

Сталиндик репрессияда жана Апрель революциясында курман болгондорду эскеришип, Ч.Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюшту. Ата-Бейиттин ачылуу тарыхы жөнүндө даректүү фильм көрүп кайтышты.