"Тарых жана ата-бабаларды эскеруу күнүнө" карата
Университеттин жашоосу 0 4 Ноябрь 2023

02.11.2023 жылы М.Т.Нанаева атындагы базистик жана клиникалык фармакология кафедрасы педиатрия факультетинин, 3-курсунун кураторлук группалары "Тарых жана ата-бабаларды эскеруу күнүнө" карата менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине барышты.

1938-жылдын ноябрь айынын башында Кыргызстандын ар кайсы улуттагы 137 инсандардын сөөгү адегенде ушул жерге көмүлгөн жана СССР тарагандан кийин кайра казылып өздүктөрү такталып ушул жерге көмүлгөн. Комплекстин максаты - кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүнүн эң маанилүү этаптарынын тарыхый эс тутумун калыбына келтирүү жана сактоо. Студенттер жана окутуучулар ал жерде көмүлгөн чыгаан инсандар тууралуу баяндамаларды даярдашып, ар бир эстеликтин жанында өз тарыхын айтып беришти. Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чарага студенттер абдан кубанып, жагымдуу таасирлери менен бөлүшүштү.