Таза шаар, таза жашоо!
Университеттин жашоосу 16 Апрель 2025
2025-жылдын 12-апрелинде Кыргыз тили кафедрасы кураторлук иш-чаранын алкагында №1 дарылоо иши факультетинин 1-курсунун студенттери менен биргеликте ишембилик өткөрдү. “Таза шаар – таза жашоо!” деген ураандын негизинде өткөрүлгөн бул иш-чара тазалыкка гана эмес, биримдикке, жаратылышка кам көрүүгө чакырык болду. Таза, көрктүү жана жашыл чөйрөнү түзүү – ар бирибиздин милдетибиз.