Тил тарыхы - эл тарыхы
Университеттин жашоосу 0 29 Февраль 2024

2024-жылдын 20-февраль күнү 21-февраль- Эл аралык эне тил күнүнө карата медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын доценти, б.и.к. Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич өзүнүн педиатрия факультетинин 15-тайпасы менен биргеликте "Тил тарыхы-эл тарыхы" деген аталышта иш-чара уюштурду. Иш-чарада Курсанбек Мамасалиевич Тил тарыхы - эл тарыхы деген темада даярдаган өзүнүн материалдарын презентациялап, кеңири маалыматтарды берди. Андан сырткары студенттер арасында тилге байланыштуу даярдалган кыска үзүндү көрүнүштөр, эне тили жөнүндө ырлар, учкул сөздөр, ураандар айтылды.