Туура тамактануу тренинги
Университеттин жашоосу 0 5 Январь 2024

стүбүздөгү жылдын 27-декабрында Дарылоо-профилактикалык факультетинин 6-курсунун студенттери гигиеналык дисциплиналар кафедрасынын кызматкерлеринин жетекчилиги менен (медицина илимдеринин доктору, доцент Кочкорова Ф.А., м.и.к., доценттин м.а. Цивинскаянын Т.А.,) ассистенттер:  Бапалиева Г.О., Сомкулова Э.Ж., Керимбаева И.Б., Аманова Ж.А.) мектеп администрациясынын катышуусунда «Маариф» окуу комплексинин 9-11-класстарынын окуучуларына «Туура тамактануу күндөрү» тренингин өткөрүштү жана «Кайнар Групп» ЖЧКсынын өкүлдөрү катышты.

Тренингдин максаты – жогорку класстын окуучуларын туура тамактануунун негизги принциптери менен тааныштыруу жана тамактануу маданиятын жогорулатуу.

Тренинг программасы: студенттердин тренингге болгон кызыгуусун арттыруу үчүн оюн, туура тамактануунун негизги принциптери менен тааныштыруу (презентация), сурамжылоонун жыйынтыктары (тамактануу адаттары ж.б.), видео жана сыйлыктар менен викторина.