Туу күнүнүн 33 жылдык майрамына арналган официалдуу линейка
Университеттин жашоосу 5 Март 2025
И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекттик медициналык академиясында мамлекеттик туу күнүнүн 33 жылдык майрамына арналган официалдуу линейка болуп өттү.
 
 
 
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу көтөрүлүп, гимн менен коштолуп, аскердик медициналык даярдык жана экстремалдык медицина кафедрасы тарабынан студенттер менен биргеликте даярдалган аскердик аткаруудан чакан көрүнүш көрсөтүлдү.
Андан кийин, КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректору ю.и.д. М.Исмаилбеков сөз сүйлөп, анда өлкөнүн мамлекеттик символдорун туура колдонуу, аларга тийиштүү татыктуу мамиле жасоо боюнча айтып өттү. Иш-чарага Медакадемиянын кызматкерлери жана
студенттери катышышты.