Лицейдин окуучулары жана КММАнын студенттик профсоюз комитетинин мүчөлөрү Бишкектеги балдар үйүнө барышты
Университеттин жашоосу 1 27 Март 2023

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын лицейинин окуучулары жана студенттердин профсоюздук комитетинин мүчөлөрү жана КММАнын лицейинин окуучулары мугалимдердин жетекчилиги менен Бишкек шаарындагы балдардын социалдык адаптациялоо борборуна барышты. Гуманитардык жардамдын дагы бир партиясы менен,

башкача айтканда, балдарга тамак-аш, кийим-кече, бут кийим, оюнчуктарды, ошондой эле таттуу тамактарды тапшырышты. Балдар коноктордун келгенине ар дайым кубанычта болушат, аларды чыдамсыздык менен күтүшөт жана жардамдары үчүн ыраазычылык билдиришет.