2025 –жылдын 29 – апрелинде И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Т.А. Абдылдаевич атындагы Философия жана коомдук илимдер кафедрада “Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында медицина” аттуу иш чара болду. Иш чараны кафедранын доценти Тентигул кызы Назира стоматология факультетинин 1 курсунун 12,13 тайпаларын ачык сабак өттүү.
Иш чарага кафедранын башчысы профессор м.а. Ч.С. Усупова жана кафедранын доценттери Акматова Н.С, Сатыбалдиева Р.А. катышты. Ачык сабакта согуштун тарыхый окуялары менен чагылдырылган слайд көрсөтүлдү, Кыргызстандыктардын жеңишке кошкон салымы, ССР – элдеринин жана өнөр жайлардын, медицина эвакуациясы чагылдырылды.
Кыргыз ССРнин саламаттык сактоо тармагында согуш учурундагы абалы, фронтко 384 миңден ашуун адам жөнөтүлүп, республика армияны азык түлүк жана өнөр жай продукциясы менен камсыздалгандыгы айтылды.
Жыйынтыгында тарыхый эс тутумду сактоо жана жаштарды потриоттук рухта тарбиялоо боюнча айтылды.