«Умут» балдар реабилитациялык борборуна визит
Университеттин жашоосу 12 Май 2025

Жалпы жана клиникалык эпидемиология кафедрасы кураторлук кылган студенттик топтор менен биргеликте «Умут» балдар реабилитациялык борборуна кайрымдуулук сапарын уюштурду. Сапардын алкагында каржылык жардам көрсөтүлүп, борбордун тарбиялануучулары жана кызматкерлери менен жылуу баарлашуу өткөрүлдү.


Мындай иш-чаралар студенттердин социалдык жоопкерчилигин калыптандырууга, гуманисттик баалуулуктарды чыңдоого жана коомдук турмушка активдүү катышуунун үлгүсүн көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.

Кафедра «Умут» борборунун кызматкерлерине балдарга көрсөткөн камкордугу жана өз ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирет.