Урматтуу Индира Орозобаевна!
Университеттин жашоосу 9 Сентябрь 2024

Сизди "Курманжан Датка" ордени менен сыйланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.
"Курманжан Датка" ордени - сиздин өзгөчө Медициналык академиянын өнүгүшүнө кошкон салымыңыз жана медицинадагы талыкпаган аракетиңиз, бейтаптарга кылган камкордугуңуз жана адам өмүрүн сактоодогу кесипкөйлүгүңүз өлкө жетекчилиги тарабынан жогору бааланганына сыймыктанабыз. Сизге алдыдагы коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн ден соолук, кажыбас кайрат, ар дайым ийгиликтердин коштоосунда жүрүүнү каалайбыз.

Чын жүрөктөн каалоолор менен Травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Россия илимдер академиясынын академиги, Кыргыз травматолог - ортопедтер ассоциациясынын президенти С.А. Джумабеков жана жалпы Кыргыз травматолог - ортопедтер кызматкерлери.