Урматтуу КММАнын студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери!
Университеттин жашоосу 18 30 Декабрь 2020

Урматтуу КММАнын студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери!

Сиздерди КММАнын ректораты жана жеке өзүмдүн атымдан Жаңы, 2021-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм жана ар бириңиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, жарык маанай, ошондой эле окуудагы, жумуштагы албан-албан ийгиликтерди каалайм!

Чынын айтканда, өтүп бара жаткан 2020-жыл Медакадемиянын эмгек жамааты үчүн жеңил боло койгон жок. Биз жалпы элибиз, өлкөбүз менен бирге пандемиядан улам келип чыккан тоскоолдуктарды жана көйгөйлөрдү өз учурунда жеңүүгө бүт күчүбүздү жумшадык. Биринчи кезекте окуу жараянын тез аранын ичинде онлайн түрүнө өткөрүүгө жетиштик. Ошентип, миңдеген студенттерибизге сапаттуу билим берүү үзгүлтүккө учурабай, сабактар жана башка окуу иш-чаралары өз ыргагында уюштурулууда.

Биздин окумуштуу-мугалимдерибиз, таланттуу студенттерибиз мурдагыдай эле ЖОЖдор аралык, республикалык жана эл аралык конференцияларга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келе жатышат. Шартка жараша тажрыйбалуу окутуучуларыбыз чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайынын студенттерине онлайн дасрстарды окуп, сабак өтүшүүдө. Ал эми КММАнын студенттери бүгүн Россиянын, Казакстандын жана башка алыскы-жуук өлкөлөрдүн эң мыкты адистеринин терең мазмуундуу дарстарын угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

2020-жылы мугалимдер менен кызматкерлерди социалдык жактан колдоо иштерин жүргүзүү да улантылды. Айлык акы жылдан жылга жогорулап баратат. Жамааттын мүчөлөрүнүн саламаттыгын чыңдоо, эс алуусуна көмөктөшүү жумушатыры да колго алынган.

Быйыл окуу корпустарын, жатаканаларды, аудиторияларды оңдоп-түздөө иштери кызуу жүрдү. Жаңыдан курулган заманбап конгресс-холдун имараты пайдаланууга берилди. Музей экспонаттары, китепкананын ресурстары, анын ичинде, электрондук ресурстары жетиштүү деңгээлде көбөйдү.

Урматтуу достор!

Биз мындан ары КММАнын 2021-2030-жылдардагы Өнүгүү стратегиясына жараша окуу-тарбиялык иштерибизди алып барабыз. Алга койгон пландарыбыз арбын, Медакадемияны республикадагы эле эмес, Борбордук Азиядагы, КМШдагы эң мыкты жогорку окуу жайларынын бирине айландыруу максатын көздөйбүз. Ал эми андай максатка сиздердин, бүткүл коомчулуктун жардамы аркылуу жетебиз.

Жаңы жылыңыздар кут болсун!

Терең урматтоо менен,

КММАнын ректору Индира КУДАЙБЕРГЕНОВА