Урматтуу Окумуштуулар Кеңешинин мүчөлөрү!
Университеттин жашоосу 17 3 Июнь 2021

Ѳзүңүздөргө маалым болгондой, 2009-жылдын февралында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун ачылышы медакадемиянын тарыхында айтыла турган окуя. Кээ бир окуу жайларда мындай бөлүмдөр ачылуу алдында турса, бизде бир топ жолго салынып калды. Муну өз кезегиндеги көрөгөчтүк иш катары баалоого болот.Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректордун жетекчилиги астында 2017-жылдан бери мамлекеттик тилде иш алып баруу 36%га көтөрүлдү. Ал эми мамлекеттик тилге байланыштуу иш-чаралар
мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп келе жатат. Буга далил катары «Манас» эпосу – бардык илимдин булагы» аталышындагы медакадемиянын тарыхында 1-жолу илимий практикалык
конференция өткөрүлдү (2019-ж.). Бул конференцияга медакадемиянын профессорлорунан баштап (Макенжан Субанович Мусуралиев, Гулия Сатындыевна Кожакматова ж.б.), жөнөкөй окутуучулары катышыiты. Натыйжада 18 макала жарыяланды. Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, «Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясы мамлекеттик мекемесинин президенти – Топчубек Тургуналиев, БГУ профессору Ташболот Садыков жана манасчы Рысбай Исаковдор катышып, жогорку бааларын берип кетишти.

Ошондой эле манасчылык феноменди изилдөө иштерин жана К.Карасаевдин 120 жылдыгына карата иш-чараны айтууга болот. Ѳзгөчө кыргыз тили кафедрасынын окутуучу Буурабия Шайжигитованын жана студенттер: №1 ДИ факультетинин 6-курсунун студенти Эргешбекова Айгеримдин, ДИ факультетинин 2-курсунун студенти Токоев Саматтын илимий изилдөөлөрү, азыркы КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жаңы төрагасы Сыртбай Жолдошевич Мусаевдин жана Маданият, маалымат жана туризм министри Кайрат Олжобаевич Иманалиевдин кызыгуусун арттырып, башка окуу жайлар арасында өткөрүлүп келе жаткан иш-чаралардын ичинен өзгөчө
болгону айтылууда. Жалпы жана клиникалык эпидемиология кафедрасынын ординатору Алихан Ибраимов К.Карасаевдин дагы жарыялана элек илимий баалуу эмгектерин республикалык эле эмес, Эл аралык деңгээлде көтөрүп чыгышын кыргыз эли үчүн мыкты иш катары баалоого татыйт. Мындай иш-чаралар чындыгында улуттук баалуулуктардын медициналык жактан изилдениши менен кызыктуу жана улуттук идеологиянын өнүгүшүнө да таасири бар. Медициналык окутуучуларды, кызматкерлерди даярдаган бул уябызда күчтүү жетекчилик, күчтүү окутуучулар иштеп, күчтүү студенттер окуп жатканда, мамлекеттик тил да, олуттуу өзгөрүүгө муктаж жана анын ишке ашышына ийгилик каалайм!


Каржы-экономикалык иштер жана
бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн жетекчиси Тиленчиев А.Р.