Урматтуу мугалимдер, кызматкерлер, студенттер жана аспиранттар! Урматтуу ардагерлер!
Университеттин жашоосу 0 30 Декабрь 2022

Жаңы жыл сиздерге чын ден соолук, узун өмүр, үй бүлөнүздөргө бакыт, күлкү, иштериңерге албан ийгиликтерди, өлкөгө өнүүгүнү, тынчтыкты алып келсин. Окуткан балдарыбыз аман-эсен, акылдуу, ыймандуу болуп,  окуудагы чоң ийгиликтерге жетишсин, келечекте Кыргыз элинин керегине жараган кыз-уулдардан болуусуна тилектешпиз. Жаңы жыл силерге жомоктогудай жакшылыктарды алып келсин.

Биздин окуу жай жыл сайын алдыга чоң максаттарды коюп, уламдан-улам татаал милдеттерди аткаруудабыз. Ал эми, өтүп жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, олуттуу жетишкендиктерге бай деп ишенимдүү айта алабыз. Биздин академиянын жамаатынын алдыга койгон максаттары 2023-жылы ийгиликтүү аткарыларына ишенемин.

Жемиштүү эмгегиңиз, окууңуз жана академиябыздын өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө чын ыкластан кошкон салымдарыныз үчүн баарыныздарга терең ыраазычылык билдиремин!

Келе жаткан жыл туруктуулуктун, пландарды аткаруунун, ишенимдүү жеңиштердин, жаңы жетишкендиктердин, финансылык бакубаттуулуктун жана жеке бакыттын жылы болсун! Ыйман, үмүт жана сүйүү сизди эч качан таштабасын!

Сиздерди келе жаткан Жаңы 2023 - жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

 И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова