Быйыл Медакадемияны 1174 студент бүтүрүдү
Университеттин жашоосу 3 3 Июль 2019

2019-жылдын 2 июлунда Абдылас Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү кыргыз улуттук Академиялык опера жана балет театрында 2019-жылкы  бүтүрүүчүлөрунө арналган И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын салтанаттуу Окумуштуулар Кенешинин жыйыны болуп өттү.

Бүтүрүүчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Саламттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Медакадемиянын ректору, профессор Индира Кудайбергенова жана ардактуу профессорлор, коноктор куттукташты. 

 

Жогорку окуу жайдын декандары «Квалификацияны ыйгаруу» тууралуу ректордун жарлыгы окушту. Белгилей кетсек, быйыл Медакадемияны 1174 бүтүрүүчү аяктады.

Бүтүрүүчүлөр салтанаттуу түрдө Гиппократтын жана доктурлук кесиптин антын беришип, дипломдорун алышты. Окумуштуулар Кенешинин жыйыны концерттик номурлар менен аягына чыкты.