КММАнын жаңы жыйындар залынын пайдубалына келечек муун үчүн эстелик капсуласы коюлду
Университеттин жашоосу 2 15 Июль 2019

Бүгүн, 2019–жылдын 15-июлунда И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекттик медициналык академиясында окуу жайдын 80 жылдыгына карата жаңы жыйындар залынын пайдубалына эстелик капсуласын коюу аземи болуп өттү . Бул салтанаттуу аземге Медакадемиянын ректору, профессор Индира Кудайбергенова, КММАнын  эл аралык мамилелер жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Гүлмира Джумалиева, КММАнын окуу иштери боюнча проректору Эркин Алымбаев, ардактуу академиктер, профессорлор, окутуучулар жана окуу жайдын жамааты катышты.

Айта кетсек, жалпы аянты 14463, 78 чарчы метр, 500 орундуу жаңы жыйындар залын куруп бүтүрүү ушул жылдын октябрына пландаштырылган.