И. К. Ахунбаев атындагы КММАда паракорлук окуясынан кийин жыйын өттү
Университеттин жашоосу 14 Октябрь 2025
КММАнын ректору Индира Кудайбергенова окутуучулар жана кызматкерлер менен шашылыш жыйын өткөрүп, студенттер менен өзүнчө жолугушуу уюштурду.
Ректор өз кайрылуусунда так жана катуу айтты:
«Студенттерден акча же белек алуу, кандай гана болбосун “ыраазычылык” формасы – бул мыйзамды жана адамдык абийирди тебелөө.
Мындай иштерге катышкан ар бир окутуучу дароо кызматтан бошотулат жана алардын иши укук коргоо органдарына өткөрүлөт.
Индира Кудайбергенова бул окуялар ректор катары жана педагог катары өзүнүн жеке кайгысы жана чоң көңүл калуусу катары белгиледи.
 
 
«Биз келечектеги дарыгерлерди өмүр сактоого, адилет болууга, адамдарга кызмат кылууга үйрөтөбүз. Ошондуктан ишенимди жоготууга акыбыз жок».
 Студенттер менен болгон жолугушууда ректор билимди ак ниеттик менен алуу жана зачет, экзамендерди өз убагында тапшыруу зарылдыгын баса белгиледи.
 
 
Паракорлукка каршы күрөш — бул мугалимдер менен студенттердин жалпы жоопкерчилиги экендигин да баса белгиледи.
Азыркы күндө Академияда Анонимдүү ишеним кутусу жана ишеним линиясы иштөөдө.
Бул жака студенттер басым же акча талап кылуу учурлары боюнча кайрыла алышат.
 
 
КММА адилеттүүлүк, айкындык жана урмат-сый принциптерин карманууну улантат.
Ар бир студент билиши керек: чынчылдык жана колдоо — дайыма анын тарабында.