КММАда педиатрия кафедрасынын 80 жылдыгы белгиленди
Университеттин жашоосу 0 21 Октябрь 2022

2022-жылдын 20-октябрынан 21-октябрына чейин Кыргызстандын Медициналык академиясында Педиатрия кафедрасынын түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган “Педиатриянын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция Түркия, Украина, Кыргызстан жана КММАнын кызматкерлеринин катышуусунда болуп өттү.

Иш-чаранын илимий уюштуруучусу кафедрасынын башчысы, академик Дүйшө Кудаяров жетектеген госпиталдык педиатрия жана неонатология курсу кафедрасы.

Конференциянын жүрүшүндө университеттин ректору, профессор Индира Кудайбергенова КММАга жасаган эмгеги үчүн, м.и.д.Т.Маймеровага, профессорлор О.Узаковго, В.Алексеевага, ошондой эле доценттер Э.Чернышова менен Б.Мүсүркуловго медалдарды жана Ардак грамоталарды тапшырды.