КММАда 3-Март Туу күнү белгиленди
Университеттин жашоосу 0 4 Март 2024

КММАда  3-Март Туу күнү белгиленди

И.К. Ахунбаев атындагы КММАда  3-Март Туу күнү белгиленди. Иш-чарага КММАнын студенттери, мугалимдери катышты. Иш-чараны ачып берүү учун Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнага сөз берилди.

Мамлекет үчүн өз өмүрүн аябаган ата-бабаларыбыздын көксөгөн кыялын жана үмүтүн актоого ар бирибиз аракет кылалы.  Ушул жаркын майрамда,   баарыңыздарга  чың ден-соолук, бакыт-таалай жана  окууларыңарга, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз.

Кыргызстаныбыз тынчтыкта, биримдикте гүлдөп өнүгө берсин! Кыргызстандын Мамлекеттик туусу дайыма бийик желбирей берсин!

Күн түндүктөн чачыраган 40 нур 40 уук катары да элестелип, алар бир түндүктүн айланасына баш кошуп, бир түндүктү — Кыргызстанды – көтөрүп турган көп улуттуу калктарды да элестетет. Көрүнүп тургандай, мамлекеттик желектеги түстөр жана белгилер элибиздин улуттук рухий дүйнө таанымынан, тарыхый басып өткөн жолунан, эстетикалык көркөм татымынан келип жаралган символдор. Алардын мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу бул дөөлөттөрдүн көөнөрбөстүгүн