КММАда Мамлекеттик туу жана Ак калпак күндөрү белгиленди
Университеттин жашоосу 0 3 Март 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 3-мартында И.К. Ахунбаев Мамлекеттик туу жана Ак калпак күндөрүн белгиледи. Ага карата университеттин башкы имаратынын алдына Кыргыз Республикасынын Туусу көтөрүлүп, Гимндин коштоосунда аткарылды.

КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Гүлсүнкан Жунушалиева студенттерди, окутуучуларды мамлекеттик символдор жана улуттук баш кийим майрамдары менен кызуу куттуктады.

Андан соң физика, математика, информатика жана компьютердик технологиялар кафедрасы тарабынан даярдалган концерттик программа болуп өттү. Патриоттук ырлар, комуз күүлөрү жаңырды.

Майрамдык иш-чаранын катышуучулары ошондой эле элдин негизги баш кийимдерин тигүү - байыркы тарых жана өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат көргөзмөсү менен таанышты.